Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жол кырсыктан бир адам каза болду

Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 837 | 0

Бүгүн, 7-мартта эртең мененки саат 8:10 чамасында А. Токомбаев (Түштүк магистраль) менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Honda Fit» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаадагы жүргүнчү каза болгон. Учурда анын өздүгү такталууда.

Жагдай боюнча иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM