Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок

Коом , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 691 | 0

7-мартка карата Бишкек шаарында — 21, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 5, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 12, жалпы өлкө боюнча 44 адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. Муну менен COVID-19 менен ооругандардын саны 86 миң 550гө жетти.

Акыркы суткада каза тапкандар болгон жок. Пандемия башталгандан бери жалпы 1471 бейтап илдеттен көз жумган.

Ошол эле учурда Бишкек шаарында — 17, Чүй облусунда — 14, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Баткен облусунда — 2, жалпы 46 бейтап илдеттен сакайып чыкты. Муну менен ооруну жеңгендердин жалпы саны 83 миң 530ду түздү.

Бүгүнкү күндө 346 бейтап стационарларда, 261 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Медициналык кызматкерлер арасында ооруга кабылгандар аныкталган жок. Бир медкызматкер амбулатордук дарылануудан чыгарылды. Илдет башталгандан бери 4206 медкызматкерден оору табылып, алардын 4194ү сакайып чыкса, 12си көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM