Биз менен байланышыңыз

Бишкектин эки тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 546 | 0

1-мартта киши колдуу болгон жаранды өлтүрүүгө шектелип, эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 1-мартта түштөн кийин Ленин райондук ИИБне Чуйков көчөсүндө белгисиз адамдын жасаты жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Атайын топ айтылган дарекке барганда жеке менчик үйдүн жанынан башы сынган адамдын сөөгү табылган. Анын киши колдуу болгону аныкталып, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталган.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, Ленин РИИБнин 2-бөлүмү тарабынан 1987-жылы туулган С. С. жана 1995-жылы туулган С. А. аталган кылмышка шектелип кармалды.

Шектүүлөр Биринчи Май РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM