Биз менен байланышыңыз

Түркияда аскер учагы кулап, 11 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 499 | 0

Кечээ, 4-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында аскер учагы кулап, анын кесепетинен 10 жоокер жана генерал-лейтенант каза болду. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазды.

Тик учак Бингөл шаарынан учуп чыгып, Битлис провинциясынын Татван шаарында кырсыкка учураган.

Учкучтар менен болгон байланыш тик учак учуп кеткенден 30 мүнөт өткөндөн кийин жоголгон. Издөө иштери башталып, жыйынтыгында кырсыкка кабылганы аныкталган. Жеринде 9 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган. Кийинчерээк каза болгондордун саны 11 адамга жеткен.

Өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар кырсык аба ырайынын начардыгынан улам келип чыккан деген божомолдор бар экендигин айтып, такталган чоо-жайы тыкыр иликтөөдөн соң дагы маалымдаларын кошумчалады.

На востоке Турции потерпел крушение военный вертолет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM