Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы эки айда 5,6 млрд сом камсыздандыруу төгүмүн жыйнады

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 388 | 0

Мамлекеттик салык кызматы быйыл январь-февраль айларында 5 млрд 600 млн сом камсыздандыруу төгүмүн чогултту. Муну менен төгүм 102,8 %га аткарылып, болжолдонгон пландан 150,1 млн сомго ашык жыйналганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2020-жылдын эки айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 343,9 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 106,5 %ды түздү.

Ошол эле учурда, ушул жылдын февраль айында 3 млрд 80,6 млн сом камсыздандыруу төгүмү жыйналды. План 30,3 млн сомго ашык аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 210,8 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 107,3 %ды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM