Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик туу күнү Баткен облусунун бардык район, шаарларында белгиленди

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 481 | 0

Баткен облусунун бардык район, шаарларында Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанат болуп өттү.

Ал эми жалпы облустук иш-чара Баткен шаарында белгиленип, ага Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев баштаган жетекчилик, Баткен райондук администрациясы, шаардык мэрия катышты.

Салтанат мамлекеттик гимн менен башталып, ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев жалпы элди мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

«Мамлекеттик туубуздун желбиреп турушу — элибиз үчүн чоң бакыт жана зор сыймык. Көз карандысыздыктын символу болгон желегибиз эгемен өлкөбүздүн жакшылыктарында желбирей берсин. Туубуздун патриоттук сезимибизди козгоп, Ата Мекенди сүйүүгө, коргоого үндөгөн, улуу касиети бар. Ошол эле учурда  туубуз өтө терең философиялык маанини өзүнө камтыйт».

Салтанат аскер кызматкерлеринин парады менен жыйынтыкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM