Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 48 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 577 | 0

3-мартка карата 48 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 1 адамдан коронавирус табылды. Муну менен жалпы илдет жуктургандардын саны 86 миң 359 адамга жетти.

Ал эми бир сутка ичинде 49 бейтап: Бишкек шаарында – 17, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында — 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Талас облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты. Муну менен жалпы айыккандар 83 миң 318 адамды түздү.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болду. Пандемия башталгандан бери 1468 бейтап оорудан көз жумган.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 355 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде стационардан 1, үй карантининен 2 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 186 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM