Биз менен байланышыңыз

4-мартта Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтөт

Коом , Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 933 | 0

4-мартта Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүн утурлай салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, «Улуттук намыс» уюму биргеликте уюштуруп жаткан салтанатта кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси болот. Ага ак калпактын түрлөрү, улуттук кийимдер жана башка улуттук буюм-тайымдар коюлары күтүлүүдө. Ошондой эле «Ала-Тоо» кинотеатрынан «Ала-Тоо» аянтына чейинки аралыкта улуттук кийимдер парады да уюштурулат.

Иш-чара саат 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, 5-мартты Ак калпак күнү катары белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссёр Рысбек Жабиров демилгелеген. 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтому кабыл алынган. 2017-жылы айрым депутаттардын сунушу менен аталган токтомго өзгөртүү киргизилип, 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM