Биз менен байланышыңыз

Жала-Абадда мамлекеттик туу күнү салтанаттуу белгиленди

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 484 | 0

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Салтанатка катышкан облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев Мамлекеттик туу күнү менен жалпы элди куттуктады.

«Ата-бабаларыбыз тээ байыртан туу астында биригип, калың журттун ынтымагын бекемдеп, өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактап келген. Азыркы учурда да ар бир кыргызстандыктын алдында анын маани-маңызын терең түшүнүп, муундан-муунга өткөрүү милдети бар. Байрагыбызды маданий ишмерлер жана спортчуларыбыз түрдүү сынактарда, эл аралык мелдештерде бийик көтөрүүсү бизге ар дайым сыймык алып келет. Бул күндү белгилөөнүн максаты да өсүп келе жаткан жаш муундардын патриоттук сезимин күчөтүү, эл-жерге болгон сүйүүсүн арттыруу болуп саналат. Эгемен өлкөбүздүн желеги кылымдарга желбиреп, асманыбыз ачык, түндүгүбүз бийик болсун». 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Туунун авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM