Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратурада ишкерлер үчүн ишеним телефону иштейт

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 412 | 0

 Башкы прокуратура ишкерлердин укугун коргоо үчүн ишеним телефонун ишке киргизди. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.

Бул Президент Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыкты.

Маалым болгондой, мындан ары Башкы прокуратура (0312) 88-90-33 ишеним телефону аркылуу жеке ишкердик субъекттердин, чакан бизнестин ишине салыктык жана көзөмөл органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды, арыз-даттанууларды кабыл алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM