Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы ЕККУнун Бишкектеги өкүлүн сыйлады

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 380 | 0

Өкмөт башчы Улукбек Марипов ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Арксты Өкмөттүн «Ардак грамотасы» менен сыйлады. Сыйлык ага Кыргызстандагы коопсуздук, экономика жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.

Мындан тышкары тараптар Кыргызстан жана ЕККУ ортосундагы кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анын ичинде алдыдагы шайлоо процесси, «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгү демилгеси, санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча сүйлөшүлдү.

Өз кезегинде Пьер фон Аркс уюмдун Өкмөт менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, ЕККУнун өкүлү Пьер фон Аркстын Кыргызстандагы кызматтык миссиясы аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM