Connect with us

Кыргызстан-Орусия энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 721 | 0

Бүгүн, 24-февралда Президент Садыр Жапаровдун Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Орусиянын Энергетика министри Николай Шульгинов менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы, анын ичинде Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилердеги кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн жана өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча тыгыз байланыштарды улантууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM