Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Германия соода-экономикалык кызматташтыгы жанданат

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 733 | 0

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Германиянын таасирдүү экономикалык уюму менен 2021-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кыргыз тараптын өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакынкы аралыкта коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал толугу менен турукташат деп үмүттөнүштү. Буга байланыштуу, ушул жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну жандандырууга багытталган иш-чараларды уюштуруу боюнча биргелешкен пландар белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Абдылдаев 2021-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда Европа Биримдиги-Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун өткөрүү пландары жөнүндө маалымат берип, ага Германиянын ишкер чөйрөсүн активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Германия экономикасынын Чыгыш комитети — Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Германиядагы эң ири уюм.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM