Биз менен байланышыңыз

Кен казуу тармагындагы жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуучу жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 605 | 0

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу маселеси боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган чечим Президенттин 29-январдагы № 5 «Өлкөнүн кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу иретинде кабыл алынган, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу жана пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алууга көзөмөлдү күчөтүү максатында туруктуу иш алып баруучу мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү.

Кабыл алынган чечимге ылайык, мекемелер аралык жумушчу топ жер казынасын пайдалануу объекттеринде көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуусу зарыл. Ошондой эле мекемелер аралык жумушчу топко белгиленген тартипте зарылдыгына жараша иштин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана коомдук активисттерди ишке тартууга укук берилген.

Мекемелер аралык топтун курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары мекемелер аралык жумушчу топтун төрагасы болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM