Биз менен байланышыңыз

Баткендин дыйкандары күйүүчү майды арзандатылган баада ала алат

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 666 | 0

Дыйкандар күйүүчү  майды арзандатылган баада ала алат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы айдоо-себүү маалында дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, дыйкандар күйүүчү майды өз баасынан 2 сомго арзан сатып алса болот. Май алууну каалагандар жергиликтүү бийлик органдарына тапшырык берүүсү керек. Өнөктүк «Газпром нефть Азия», «Партнер Нефть» май куюучу жайларында жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыгып, пандемияга байланыштуу, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, азык-түлүккө болгон бааларды турукташтыруу максатында айдоо аянттарын кеңейтүү, негизги керектелүүчү айыл чарба өндүрүмүнө басым жасоо менен көлөмүн көбөйтүүнү колго алуу, жер-жерлерде дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген.

Учурда жер семирткич, үрөндөр жергиликтүү базарларда сатылууда.

Баткен облусунда 2021-жылга карата 30501 гектар аңызга жаздык жана күздүк эгин себүү пландалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM