Биз менен байланышыңыз

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлиги көрсөтүлдү

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 413 | 0

23-февралда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 46-сессиясына  катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр өз сөзүндө Кыргызстанда болуп өткөн демократиялык президенттик шайлоо, өлкөдөгү адам укуктары жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын келечеги жөнүндө дүйнө коомчулугуна маалымат берди.

ТИМ башчысы өз кайрылуусунда Кыргызстандагы мамлекеттик саясаттын төмөнкү артыкчылыктуу багыттарын белгиледи: конституциялык реформаларды жүргүзүү; коррупцияга, кылмышкерлерге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү; сот жана укук коргоо тармагын реформалоо; кылмыш-жаза мыйзамдарын гуманизациялоо.

«Мындай ыкма укуктардын үстөмдүгү, тартиптин, адам укуктарын коргоонун, алдыга жылдыруунун принциптерин камтыган жаңы кыргыз коомунун түптөлүшү үчүн бекем негиз түзөрүнө ишенем. Кыргызстан адам укуктарын урматтаган өлкө катары өз ыйгарым укуктарын мындан ары да бекемдөөгө, эл аралык милдеттенмелерди ар дайым аткарууга умтулат. Өлкөдө адам укуктарын жана эркиндиктерин өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү стратегияларды жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча жигердүү иштерди баштады», — деди Казакбаев.

Мындан тышкары ал өлкөдө адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана сактоону жактагандыгын ырастап, 2023-2025-жылдар аралыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлиги көрсөтүлгөнүн дүйнө коомчулугуна билдирди.

Белгилей кетсек, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 2006-жылдын 15-мартында түзүлгөн. Ал 47 мамлекеттен турат жана адам укуктары жаатындагы маселелер менен кырдаалдарды жыл бою талкуулоочу форум болуп саналат. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынына мамлекет жетекчилери, өкмөт башчылары, министрликтердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM