Биз менен байланышыңыз

Коңшу мамлекеттердин чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүдө белгиленген жазалар

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 454 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жарандарды кошуна мамлекеттерге атайын чек ара пункттары аркылуу гана өтүүсүн эскертет. Өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө Өзбекстан жана Тажикстандын чек араларын мыйзамсыз кесип өткөн жаранга ири суммадагы айып пул салынары, же эркинен ажыратылары айтылат.

Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз, чек араны бузуп кирген башка мамлекеттин жарандары «Чек ара жөнүндө» мыйзамдын 358-беренеге ылайык жоопко тартылат. Тактап айтканда, 220 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып төлөйт жана 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу жарандарды өткөрүү 2004-жылдын 26-майындагы Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык «Кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары жөнүндө» келишиминде кеңири каралган. Кыргыз жарандары тажик жерине «Кулунду-автожол», «Кайрагач-автожол» «Кызыл-Бел-автожол» өткөрүү пункттары аркылуу жалпы жарандык паспорттору менен өтө алат. Башка аймактардан өтүү мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуу болуп эсептелет.

Ал эми Тажикстандын аймагына башка мамлекеттин жарандары мыйзамсыз жолдор менен чек араны бузуп өтсө, категориясына жараша 300 миң сомго чейин айып салынат же эркинен ажыратылат.

Ошондой эле Өзбекстандын мыйзамдарынын 223-беренесине ылайык, аталган мамлекеттин чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн башка мамлекеттин жарандары 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат жана сот тарабынан мыйзам чегинде айып салынат. Баткен облусунан Өзбекстандын аймагына «Кадамжай», «Кызыл-Кыя» пункттары аркылуу гана өтүүгө болот.

Жарандардын кайсы мамлекеттин аймагында жүргөндүгүнө карабастан, мыйзамсыз кылган иштерине жоопкерчилик каралган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда COVID-19 пандемиясына байланыштуу Өкмөттүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84 буйругунун негизинде өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM