Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 359 | 0

Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 24-февралдан 26-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун 64-90-чакырымдарында жана Казарман-Ак-Тал-Чат автоунаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде жана Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM