Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченди 5,5 пайызга чейин жогорулатты

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 444 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы 22-февралда эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка, 5,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банк расмий сайты аркылуу билдирди.

Дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү COVID-19 пандемиясынын жайылышынан улам бир түрдүү эмес өңүттө өнүгүүдө. Эл аралык соода түзүмүндө көлөмдөрдүн төмөндөшү байкалган, ошол эле учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда бирдей эмес жагдай сакталып турат. Мындай фактылар дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнө таасир тийгизген сыяктуу эле, Кыргызстанда экономикалык өнүгүшүнө да таасир тийгизүүдө.

Кыргызстандын экономикасы кармалып турган ыргакта калыбына келүүдө. Өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү өлкөнүн бардык негизги секторлорунда сакталып турат. Ички талапта эч кандай жандануу жок, бирок өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсү боюнча алгылыктуу динамика ички талапты жандандыруу факторлорунун биринен болгон. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын өлкөгө акча каражатын которуунун таза агылып кирүүсү 2,0 пайызга жогорулап, 1,9 млрд АКШ долларын түзгөн.

Дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалардын өсүшү уланган, анын жыйынтыгында өлкөдө инфляция көрсөткүчү өсүүдө. Кыргызстанда жылдык инфляциянын мааниси 2021-жылдын февраль айында (12сине карата) 10,2 пайызды түзгөн. Айкын инфляция көрсөткүчү негизинен азык-түлүк товарлар тобундагы, айрыкча, өлкөгө импорттолуучу товарлардын негизги компоненттери боюнча баалардын өсүшүнүн эсебинен калыптанган. 2021-жылдын биринчи чейрегинде алкоголдук жана тамеки продукцияларына акцизди план боюнча жогорулатуу өтүп жаткан жыл ичиндеги баалардын жалпы деңгээлине кошумча салымын кошот. Түптөлгөн ички жана тышкы факторлорду эске алганда, инфляциянын бир аз тездеп, жылдын орто ченине карата акырындык менен туруктуу абалга келери, андан ары жылдын акырында бир маани чегинде түптөлөрү күтүлөт.

Банктар аралык акча рыногу алгылыктуу тенденцияларды сактоо менен мүнөздөлөт, кыска мөөнөттүү чендер бул рынокто Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чекте, негизги ченге жакын көрсөткүчтө калыптанган. Акча рыногунун бардык сегменттеринде катышуучулардын жигердүүлүгү байкалган. Фискалдык операциялардын түзүмүнүн өзгөрүшүнөн улам, 2020-жыл ичинде банк системасында үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээлде топтолушунун орун алышы, болушу мүмкүн болгон инфляциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн, Улуттук банк тарабынан олуттуу көлөмдө арылтуу операцияларын жүргүзүүнү шарттайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM