Президент Садыр Жапаров «Жогорку аскердик наамдарды берүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык:
-Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке — генерал-лейтенант;
-Апсатаров Бекбосун Жакшылыковичке — генерал-майор;
-Ниязбеков Улан Омокановичке — милициянын генерал-майору;
-Эгембердиев Аскат Раимжановичке — ички кызматтын генерал-майору наамы берилди.