Биз менен байланышыңыз

Аскер кызматкерлеринин тамак-ашына болгон ченем көбөйтүлөт

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 587 | 0

Аскер кызматкерлеринин тамак-ашынын ченеми жогорулатылды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бул көбөйтүү «Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Куралдуу Күчтөрдүн жана аскер түзүмдөрүндөгү кызматкерлердин тамак-ашын жакшыртуу максатында ишке ашырылган.

Кабыл алынган чечимге жараша паектун бардык түрү жогорулатылган.

Ошондой эле аскерлерге бериле турган тамак-аштын курамына колбаса, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жер-жемиш сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.

Өкмөттүн тиешелүү токтому 1-апрелден тарта күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM