Биз менен байланышыңыз

Токтомушев: УКМК кызматкерлери менден акча талап кылган (видео)

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 5328 | 0

Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев 22-февралда тараган видеону өзүнө карата негизсиз каралоо катары сыпаттады. Ал кечинде жасаган кайрылуусунда акыркы күндөрү ага карата ар кандай айың сөздөр күч алганын, анын чын-төгүнү жакын арада ачыкка чыгарын билдирди. Ошондой эле УКМК кызматкерлери аны опузалап, ири суммадагы акча талап кылганын айтты.

«Бул иш эки-үч ай мурда башталган. «Акчаларыбызды ала албай калдык» деген доо менен жүз ажынын атынан жалган арыз жаздырып, Муфтиятты текшерүүгө алган. Ал жүз ажы акча төлөмөк турсун, ажылыкка катталган эмес болуп чыкты. Ушул жалган арыздын негизинде УКМКнын кызматкерлери соттун чечимин алып, документтерди алып кеткен. Эсепчини түнкү саат 12ге чейин алып отуруп, коркутуп, «1 млн 300 миң долларды сен депозитке коюптурсуң, коомчулукка чыгып кетсе жаман болот», — деп чагымчылдык кылган. Депозитке коюу мыйзамга туура келгени менен Исламда тыюу салынган. 5-февраль түнү УКМК кызматкери мага да чалып, «Жеңиш ажы акчаны сомго алмаштырып, депозитке коюп коюптур, мойнуна алды. Сиздин кабарыңыз барбы?» — деп сураганда, биринчи жолу угуп жатканымды айттым. Кийин 6-7-8-9-февралда УКМК кызматкерлери: «Ишти биз бүтүрөбүз, коомчулукка чыгып кетпесин, биз чоңдор менен сүйлөшүп жатабыз», — деп, менден ири акча талап кылган. Мен аларга: «Менин ал жөнүндө кабарым жок. Эгер Жеңиш ажы ошентип акчаны пайызга берген болсо, бир сомун калтырбай ордуна койсун», — деп айткам. Менин негизги милдетим жалпы мусулмандардын абийирин сактоо жана арам акчадан кутулуу болчу. Бул иштерге мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок экенине ишенем. Ал эми президент Садыр Жапаровго тегерегиндегилер туура эмес маалымат жеткирип турган. Азыр тергөө учурунда көп нерсени айтып бере албайм. Мезгили келгенде баары ачыкталат. Ажылардын бир сомун да пайызга берген эмесмин, бир сомун да шайлоого иштеткен эмесмин. Аны Жеңиш ажы да далилдеп берет», — деди Максатбек ажы Токтомушев.

Белгилей кетсек, 10-февралда экс-муфтий УКМК кызматкерлери тарабынан каржылык маселелер боюнча айыпталып кармалган.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, тергөө иштери аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM