Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Каза тапкандар катталган жок

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 427 | 0

24-февралга карата өлкө боюнча 24 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталды.

Алар:

Бишкек шаарында — 12;

Чүй облусунда — 3;

Ош облусунда — 3;

Нарын облусунда — 4;

Баткен облусунда — 2.

Муну менен COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 86 миң 25ке жетти.

Сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Оору башталгандан бери 1460 бейтап көз жумган.

Акыркы суткада 59 бейтап илдеттен айыкты:

Бишкек шаарында — 23;

Ош шаарында — 3;

Чүй облусунда — 19;

Талас облусунда — 1;

Ысык-Көл облусунда — 9;

Баткен облусунда — 2;

Жалал-Абад облусунда — 2.

Муну менен жалпы 82 миң 938 бейтап ооруну жеңип чыкты.

Бүгүнкү күндө 379 бейтап стационарларда, 309 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

1 медкызматкер вирус жугузуп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 203 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 160 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM