Биз менен байланышыңыз

Акаев: Парламенттин күн тартиби пайдасыз ратификацияларга толуп калды

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 421 | 0

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев жаңы Өкмөттүн аракетин парламенттин күн тартибине байланыштуу сындады. Ал Жогорку Кеңештин күн тартиби пайдасыз ратификациялардан туруп калганын айтып, Өкмөттү сапаттуу, коомго пайда алып келе турган мыйзамдарды демилгелөөсүн сунуштады.

«Эртеден бери күн тартибин карап отурабыз. Бардыгы ратификациялар. Өкмөт сапаттуу, коомго, мамлекетке пайдалуу демилгелерди көтөрүшү керек да. Мына, Ашхабадда кол коюлган ратификация дейт. Алар менен кандай кызматташып жатабыз, экспорт кандай болуп жатат? Түркмөнстанда керек болсо элчи жок. Италияда канчалаган мигрантыбыз бар. Ошол жакка элчилик ачууну демилгелебейсиңерби? Венгрия менен да 50 миллион долларлык инвестициялык фонд түзүлүп жатат. Ал жакты да карабайсыңарбы? Күн тартибинде Түркмөнстанда, Малайзияда дейт. Алардан не пайда болуп жатат? Жаңы Өкмөт коомго пайда алып келе турган мыйзамдарды алып келүүсү керек», — деди Жанарбек Акаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM