Биз менен байланышыңыз

Чет жакта көз жумган мекендештердин сөөгүн жеткирүүгө жардам көрсөтүлөт

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 498 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн өлкөгө жеткирүү (репатриация) тартиби жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, чет өлкөдө кайтыш болгон мекендештердин сөөгүн өлкөгө алып келүү тартибин жөнгө салуу үчүн Өкмөткө бир катар тапшырмалар берилди.

Ошондой эле чет жерден кайтыш болгон жарандын сөөгүн өлкөгө жеткирүүдө жакын туугандарынын чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмүн аныктоо, сөөктү алып келүүгө кете турган каржыны Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөдөгү мекемелерине өз убагында бөлүү милдети Экономика жана финансы министрлигине жүктөлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM