Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-араб илимий-изилдөө борбору курулат

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 639 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары жыйынтыкталды.

Иш сапардын алгачкы күнү, 13-февралда БАЭнин Билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамади менен расмий жолугушту. Анда Кыргызстан менен БАЭнин билим берүү тармагында кызматташтыгы талкууланды. Ошондой эле биргелешкен Кыргыз-араб илимий-изилдөө борборун Кыргызстанга ачуу, студенттерге БАЭнин жогорку окуу жайларына стипендиялык программалар аркылуу окуу үчүн квоталарды бөлүү, буга чейин түзүлгөн жумушчу топтордун алкагында эки министрликтин кызматташтыгын улантуу маселелери каралды.

Андан соң Аль-Мактум атындагы кайрымдуулук фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мирза Аль Саег менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында аталган фонд тарабынан Кыргызстанга билим берүү комплексин куруу макулдашылды. Буга байланыштуу жакынкы аралыкта Аль-Мактум фондунун өкүлдөрү Кыргызстанга келе турган болду.

Булардан тышкары БАЭнин Премьер-министринин кеңсесинин башкы директору Абдулла Нассер Лутах, Министрлер кабинети жана БАЭ келечегинин иштери боюнча министрликтин башкы директору Ясер Аль Нагби менен да жолугушуулар өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM