Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Өзбек чек арасы: 61 гектардан ашуун жер Кыргызстанга өткөн

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 945 | 0

Ала-Бука районундагы Кыргыз-Өзбек чек арасындагы кырдаал чечилип, 61 гектардан ашуун жер аянты Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөн. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдады.

Облус башчысынын орун басары жергиликтүү тургундар менен жолуккан учурда, коңшу өлкө менен чектешкен аймактагы талашка түшкөн тилке буга чейин такталганын, тийиштүү иш жүргүзүү боюнча тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр болгонун айтты. Чек араны тактоо иштеринин алкагында ошол эле Кара-Белес тилкесинен 61 гектардан ашуун жер аянты Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнүн белгилеп, жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

«Ала-Бука районунун Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек аймактарында делимитацияланган мамлекеттик чек ара 2017-жылдын 5-сентябрындагы «Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» эки өлкөнүн келишимине жана 2017-жылдын 2-октябрында ратификацияланган №173 мыйзамына ылайык аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM