Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кавасаки синдромунан 2 бала дарыланып жатат. Бул маалыматты бүгүн, 17-февралда аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.
«Кырдаал көзөмөлдө. Министрлик тарабынан коронавирустан дарылоонун 5-протоколу бекитилип жатат. Анда кавасаки синдромунан дарылоо дагы кошулат», — деди Узакбаев.
Анын маалыматы боюнча, Кыргызстанда кавасаки менен ооруган балдар арасында өлүм катталган жок.
Кошумчалай кетсек, буга чейин 28 бала кавасаки синдромуна шектелип, ооруканага жаткырылганы айтылган болчу.