Биз менен байланышыңыз

Статикалык «ток уруу» эмнеден улам пайда болот?

Блог , Ден соолук | 19 Фев 2021 | 9238 | 0

Кимдир бирөө менен кол алышканда же башка бир нерсеге тийгенде, «тырс» деген үн чыгып, ток ургандай абалга түштүңүз беле? Бул — статикалык энергия. Статикалык электр энергиясы материалдын электр заряддары көбөйгөндө, электр заряды эки материал бири-бирине сүрүлгөндө пайда болот. Башкача айтканда, чачты шарга сүртүү же килемдин үстүнө желим бут кийимдерди сүртүү мындай заряддын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн. Бул көрүнүштүн атайын илимий түшүндүрмөсү бар.

Статикалык электр — адамдын денесинин сыртына топтолгон электр заряды. Нерв системасынан улам пайда болору белгилүү болгон бул статикалык энергиянын себеби медицинада дагы деле талаш бойдон келе жатат. Нейрондор бош турат деп болжолдонгонуна карабастан, бул темада так бир жыйынтык жок. Бирок стресс менен электр сөзү бирдей десек болот. Башкача айтканда, стресс ашыкча болгон учурда адамдагы статикалык энергиянын көлөмү жогору болот.  Эгерде чыңалуу сөзүнө бир аз басым жасасак, анда электр кубатында колдонулган чыңалуу менен күнүмдүк жашоодо колдонулган чыңалуу бири-бирине байланыштуу. Маселен, жамгыр жааганга чейин асманда ала булут каптап турганда адамда статикалык энергия жогорулайт. Анткени абада электр заряды өтө көп болот. Бирок жамгыр жааган соң, абадагы электрондор азаят.

Эмне үчүн биз көлгө же душка түшкөндө эс алып калабыз деп ойлойсуз? Анткени суу тийген учурда электр заряды төмөндөп, стресстен арылтат.

Бир нерсени кармаганда же бирөө мененучурашканда күтүүсүз жерден «ток урбасын» десеңиз:

  • Мүмкүн болушунча резина бут кийимди, синтетикалык кийимдерди кийүүдөн алыс болуңуз. Адамдын электр заряды кийимден да көз каранды, анткени синтетика аралаш же жүндөн жасалган кийим менен адамдын электр заряды жогорулайт. Эгерде бул электр тогун жерге, топуракка өткөрбөсө, адамда электр  чыңалуусу  жогорулап, ток ура баштайт.  Бул чыңалуу көбүнчө 30 миң Вольттон 1 000 000 Вольттго чейин болот.
  • Үйүңүздүн бетондолгон, керамикалык же мраморлуу аймактарында көп учурда жылаңайлак жүрүңүз.
  • Үйдүн бардык жерине килем төшөп салуудан алыс болуңуз.
  • Жүндөн токулган кийимдерден алыс болуп, пахтадан токулган кийимдерди тандаңыз.

Эгерде жылаңайлак  бассаңыз, дененин бүт электр кубаты таза топурак менен тартылат. Андан тышкары күнүмдүк жашоодо кээ бир адаттарыңызды өзгөртүү керек болушу мүмкүн.

Мисалы, сиз ысык суу менен душка түшүүнү жактырсаңыз, электр энергиясын ашыкча жүктөөгө чакырасыз. Ысык суу чачыңыздагы нымды сиңирип алгандай, бардык электр энергиясы ошол аймакка жүктөлөт. Андыктан, душта ысык суу менен жуунгандан көрө, жылуу суу пайдалуу .

Аба изолятор болгондуктан, электр энергиясы күн жылууда кыйынчылыктарды жаратат. Кыш айларында абада суу буусу аз болгондуктан, денебиздеги электр энергиясы тең салмак таба албай, сакталып кала берет. Ошон үчүн кыш мезгилинде биз бир жерге тийгенде, ток ургандай абал көп болот.

Бул абалдан чыгуу үчүн:

  • Үйдө абанын нымдуулугун көзөмөлдөп туруңуз, бөлмө гүлдөрүн өстүрүңүз;
  • Полду жууганда ар кандай кошулмалар менен жууңуз;
  • Кышында кийимдерди кир жуугуч машинага эмес, сыртка жайып кургатыңыз;
  • Чачыңызга жыгач тарак колдонуңуз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM