Биз менен байланышыңыз

«Спутник V» вакцинасын түзүүчүлөр Нобель сыйлыгына көрсөтүлүшү мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 901 | 0

Коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасын түзүүчүлөрү Нобель сыйлыгына көрсөтүлүшү мүмкүн. Бул ууралуу Орусиянын Түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриевге таянып РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Орусиянын Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары туралуу кеп болуда, Алар Александр Гинцбург жана анын орун басары Денис Логунов.

«Бул Саламаттык сактоо министрлигинин, орусиялык окумуштуулардын, академик Гинзбург жана профессор Лoгуновдун эң мыкты жетишкендиги. Бекеринен аларды Нобель сыйлыгына көрсөтүү талкууланып жаткан жок да», — деген Дмитриев.

Маалыматтарга караганда, Логунов Кыргызстанда туулган. Ал 1978-жылы 13-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. 2000-жылы Курскидеги мамлекеттик медициналык университеттин «Биомедициналык инженерия» факультетин аяктаган.

Таланттуу студенттин жөндөмүн окутуучулар байкап Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борборуна иш-тажрыйба топтоого жиберишкен. 2011-жылы ал доктордук диссертациясын жактаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM