Биз менен байланышыңыз

Алдыдагы аптага карата аба ырайынын болжолу тууралуу маалымат

Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 704 | 0

Кыргызгидромет борбору алдыдагы аптага карата аба ырайынын болжолу тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Бирок абанын температурасы кескин төмөндөбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

8-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаайт, ал эми күндүз жана 9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаашы ыктымал.

10-11-февралда кээ бир райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

8-февралда Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорго кар жаашы мүмкүн. 9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

10-февралда Жалал-Абад менен Оштун бир катар аймактарында жамгыр аралаш кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-февралда кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондордо кар түшөт.

Ысык-Көл облусу

8-9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. 10-11-февраль күндөрү кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду.

Нарын облусу

Теңир-Тоонун аймагында 8-9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаай турганы айтылды.

Ал эми 10-11-февраль күндөрү кээ бир райондордо гана кар жаайт.

Апта аягы жума, ишемби күндөргө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу:

12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-февралда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.

Ал эми күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM