Биз менен байланышыңыз

Улуттук Гвардияда китеп окуу сынагы болуп өттү

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 584 | 0

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Улуттук Гвардиянын 10126-аскер бөлүгүндө «Китепкөй кыргыз армиясы» аттуу китеп окуу сынагы өттү. Сынакка аскер бөлүктүн кызматкерлери, жоокерлери, жалпысынан 63 окурман 21 командага бөлүнүп катышты.

10126-бөлүктүн жоокерлерине окуу үчүн япон жазуучусу Китами Масаонун «Кылычсыз самурай» китеби берилген. Командалык тартипте 3 тур менен өткөн сынактын жалпы байге фонду 30 миң сомду түзүп, андан тышкары кызыктыруучу орундар үчүн 7 миң сом кошумча бөлүнгөн.

Сынакка катышкандар 1-турда ар бири өз-өзүнчө «Китептен алган сабагым» темасы боюнча эссе жазып беришти. Ал эми 2-турда ар бири 10 суроодон түзүлгөн «Адам аттары», «Даталар», «Аралаш» бөлүктөрүнө, 3-турда «Элестетүү», «Ойду толуктоо» бөлүктөрүнө команда менен биргеликте жооп беришип, 15 суроодон турган тест толтурушту.

Соңунда 1-орунга майор Рахимдинов Максат жана катардагы жоокерлер Садырбек уулу Байел, Акылбеков Аргенден түзүлгөн «Алманбет» командасы ээ болуп, 10 000 сом менен, 2-орунду катарын улук лейтенант Акматов Эдил, катардагы жоокерлер Жаналиев Арген, Усенов Азек түзгөн «Эр Кошой» командасы алып, 8 000 сом менен, 3-орунду подполковник Асанов Эрмек, улук лейтенант Нурланов Эржан, катардагы жоокер Муса уулу Төлөбектен турган «Айкөл Манас»  командасы ээлеп, 5000 сом менен сыйланышты.

Сыйлык тапшырууга экс-министр Нуржигит Кадырбеков катышып, аскерлерге тарбиялык мааниси терең кеп-кеңештери менен бөлүштү. Ошондой эле Улуттук Гвардиянын кол башчысы, полковник Талант Эргешов жеңүүчүлөрдү куттуктады.

Жоокерлер арасында өткөрүлгөн сынак аскер бөлүктөрүндө китеп окууну жайылтуу, жоокерлердин руханий, ителлектуалдык дараметин жогорулатуу, китеп окууну жана билимди даңазалоо менен биргеликте, «Китепкөй кыргыз армиясын» курууга, билимдүү, күчтүү мекен сакчыларын тарбиялоого багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM