Биз менен байланышыңыз

«Калкан бези жабыркаса, көп ооруга жол ачылат»

Калкан бези ооруса, адамдын денесинде өзгөрүүлөр болуп, бейтаптын ачуусу бат келип, депрессияга түшүп, уйкусу качып, жаман ойлорду ойлоно баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоонун отличниги, эндокринолог Өрүкгүл Мукамбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, калкан бези гормондорду бөлүп чыгарат. Анын функциясы өзгөргөндө, организмге керектүү заттарды өндүрүүнүн нормасы бузулат. Маселен, кальций азайып же көбөйүп кетиши ыктымал.

Калкан безине доо кетсе, минералдык зат алмашуу процессинде көйгөй жаралып, бөйрөктөрдө таш пайда болушу мүмкүн. Омуртка, бут сөөктөрү кыйшайып калышы ыктымал. Жүрөк кан тамыр системаларында өзгөрүү болуп, жүрөктүн кагышы, кан басымдын деңгээли өзгөрөт. Чач, тырмак түшүп, тери кургайт.

Мындан сырткары ички органдар жабыркап, ашказан, ичегилерде жара, уйку бездеринде таш пайда болушу ыктымал. Андыктан калкан бези ооруган учурда дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM