Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кайгуул милициясынын автоунаасын ыргыта сүздү [Видео]

Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 1034 | 0

Борбор калада жеңил автоунаа катуу ылдамдык менен барып, Кайгуул милиция кызматкерлеринин машинасын сүзүп алды. Кырсыктын кандай болгонун  туралуу соцалдык тармактарга жарыяланды.

Кадрдан жеңил автоунаанын Ибраимов көчөсү менен Жибек Жолу проспектин көздөй баратып, инспекторлордун машинасын сүзгөнүн көрүүгө болот. Катуу урулган кызматтык автокөлүк бир топко чейин сүрүлүп барган.

Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кырсык бүгүн эртең мененки саат 08:40та болгонун билдирди. «Toyota» автоунаасынын айдоочусу мас болуп рулга отурган. Ал эми социалдык тармакта айтылып жаткан «милициянын машинасын атайын кууп барып сүзгөн» деген версияны четке какты.

Жол кырсыгы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жаракат алгандар жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM