Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Башмыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Кеңешме 27-январда ишин аяктады.
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифингде кабарлагандай, айтылган сунуштар жана ойлор протоколго киргизилип, дагы бир-эки күн иштеп, андан соң акыркы вариант Жогорку Кеңешке өткөрүлөт.
Жаңы Конституция: Президенттин аппарат башчысы өкмөттү да жетектейт
Башмыйзамды өзгөртүү жана аны референдумга алып чыгуу боюнча иштеген Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда ишин баштаган.
Ал 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоорун талкуулады.
Башмыйзамдын жаңы долбоору: Жогорку Кеңеште 90 депутат болот