Марал Радиосу

Соцтармак: Жаныш Бакиевдин аялы Кыргызстанга келди

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева Кыргызстанга келди. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу ырчы Айчүрөк Султанова жарыялады.

Ал Орозгүл Токторбаева менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, «Достор» тобунун мүчөсү жакшы долбоор менен келгенин жазды.

«2010-жылдагы окуяларга бир эле Бакиевдерди күнөөлөгөн туура эмес»

Орозгул Токторбаева — ырчы. Ал Жаныш Бакиев менен кошо Беларусиянын борбору Минск шаарында болчу.

Роза Отунбаева: Бакиевдин кадрлары келип жатат (видео)