Биз менен байланышыңыз

Олимпиадага жолдомону эми Ысык-Көлдөн утуп алса да болот

Кыска кабар , Спорт | 23 Янв 2021 | 922 | 0

Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясынын (World Athletics) календардык мелдештерине «Run the Silk road» Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону да киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Спортчулар аталган марафондон нормативди аткарып, Олимпиада оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына лицензияларды ала алышат.

«Мындай жетишкендик өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы менен Эл аралык марафон дирекциясы биргеликте жасаган жигердүү аракеттеринин натыйжасынан улам ишке ашкан. Эл аралык марафон трассасы сертификациядан өттү. Эми мелдештер Дүйнөлүк жеңил атлетика уюмунун эрежелерине ылайык өткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

«Run the Silk road» IX Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону 2021-жылдын 15-майында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM