Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда Эмомали Рахмондун музейи ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 584 | 0

Тажик улуттук университетинде өлкө президенти Эмомали Рахмондун музейи ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Ачылыш салтанатка өлкө башчысы Эмомали Рахмон жана анын уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомали катышты.

Белгилүү болгондой, музей Тажик улуттук университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен өлкө башчынын жасаган эмгектерин жаштардын эсине салып туруу максатында ачылган. Экинчи жагынан Эмомали Рахмондун ушул окуу жайдын экономика факультетин аяктаганы эске алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM