Биз менен байланышыңыз

Байге фонду 100 миң сомду түзгөн китеп окуу сынагы жыйынтыкталды [фото]

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 844 | 0

Бүгүн, 23-январда «Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү варианты жана «Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары. Малайзия» китеби боюнча өткөрүлгөн IV республикалык китеп окуу сынагынын сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Кыргыз билим берүү академиясы, «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду, «Оку!» басма үйү биргелешип өткөргөн сынакта эң жогорку упай алган 8 окурманга байге тапшыруу аземи Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин концерттик залында өткөрүлдү. Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана коноктор, маданият өкүлдөрү катышты. Ушул эле иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы китеп дүкөндөрүнүн, басма үйлөрүнүн демилгеси менен китеп жарманкеси да уюштурулду.

Белгилей кетсек, бул жолку сынак өткөн сынактардай болбой, онлайн тест түрүндө жүргүзүлдү. Окурмандарды каттоо 2020-жылдын 16-ноябрынан 2021-жылдын 15-январына чейин www.oku.biz.kg сайты аркылуу жүргүзүлгөн. Сынак 17-январь күнү саат 11:00дө «Манас» китебинен, саат 15:00дө «Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары. Малайзия» китебинен болуп, анда 50 суроого 25 мүнөттүн ичинде жооп берүү каралган. Жалпы 2500 окурман катышкан.

Сынактын жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү. Окууга берилген эки китепке эки башка байге коюлду. Маселен «Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү варианты боюнча китеп окуу сынагында биринчи орун үчүн 20 000 сом, экинчи орун үчүн 15 000 сом, үчүнчү орун үчүн 10 000 сом, төртүнчү орун үчүн 5 000 сом, мындан тышкары  5-10-орундар үчүн кызыктыруучу сыйлыктар белгиленген.

Коомдун бардык катмарында китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган республикалык сынак бир канча жылдан бери «Оку!» долбоорунун алкагында уюштурулуп келет.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM