Биз менен байланышыңыз

АКШдагы №9034 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктады

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 11 Янв 2021 | 542 | 0

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигиндеги №9034 шайлоо участогунда президенттик шайлоо жана референдум өткөрүү процесси аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

АКШ жана Канада консулдук округунун шайлоочуларынын тизмесине киргизилген 901 шайлоочунун ичинен жалпысынан 55 жаран добуш берди.

Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала маалыматы боюнча талапкер Садыр Жапаров 79,25 % добуш менен алдыда келе жатат. Андан кийинки орундарда Адахан Мадумаров, Бабыржан Төлбаев, Мыктыбек Арстанбек, Абдил Сегизбаев бар.

Шайлоого 1 млн 410 миң 364 адам добуш берди, бул жалпы шайлоочулардын 39 пайызын түздү. Негизи 3 миллиондон ашык шайлоочу добуш берүүгө укук алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM