Биз менен байланышыңыз

БШК: Саат 14:30га карата добуш сатып алуу боюнча даттануулар катталган жок

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 491 | 0

Саат 14:30га карата добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу учурлары катталган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров кабарлады.

БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна саат 14.30га карата мыйзам бузуулар жөнүндө 20 билдирүү келип түшкөн, анын ичинен:

-жабдуулардын иштен чыгышы боюнча — 4 билдирүү;

-участкалык шайлоо комиссияларына даттануулар боюнча — 14 даттануу;

-шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча — 1 билдирүү;

-аймактык же участкалык шайлоо комиссияларынын талаптарынын аткарылбагандыгы боюнча – 1 билдирүү түштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM