Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №1129 шайлоо тилкесинде система иштебей жатат

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 454 | 0

Бишкектеги №1129 шайлоо тилкесинде техникалык мүчүлүштүктөр болуп, добуш берүү үзгүлтүккө учурап жатат.

Бул тууралуу шаар тургундары кабарлады. Шайлоо тилкесинде иштеген кызматкерлер система качан иштей турганы белгисиз экенин айтышууда.

Кыргызстан боюнча 2474 шайлоо тилкеси ачылган. Саат 14.00гө карата шайлоочулардын 18,5 пайызы добуш берди.

Бүгүн эртең менен да бир топ шайлоо участкаларында автоматтык эсептөөчү урналар иштебей калган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаровдун маалыматына караганда, техникалык мүчүлүштүктөр боюнча ондон ашык даттануу түштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM