Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: Шайлоо кадимкидей уланууда 

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 412 | 0

Райондор боюнча шайлоочулардын катышуусу 20 %дан ашты. Шайлоо кадимкидей өтүп жатат. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

«Негизги маселе — коопсуздук. Ички иштер министрлигинин маалыматтарын карасаңыз, анда мыйзам бузуулар боюнча арыздар жана даттануулардын көпчүлүгү каралды. Ар бир кайрылуу катталды», — деди Мамытканов.

Анын айтымында, шайлоолор маанилүү, ал эми референдумдун жыйынтыктары андан да маанилүү.

Мамытканов «5 саат калды» деп, кыргызстандыктарды шайлоо участкаларына келип, добуш берүүгө үндөдү.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана референдумдун жүрүшүндө саат 14:00гө карата шайлоочулардын 18,56 %ы добуш берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM