Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлөрдө 4 миңден ашык кыргызстандык добуш берди

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 484 | 0

Кыргызстандан тышкаркы мамлекеттерде жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.00гө карата 4 миң 704 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

Чет мамлекеттерде 49 миңден ашык шайлоочу добуш берүүгө укук алган, 48 шайлоо участогун ачуу пландалган.

Эң биринчи шайлоо тилкеси Орусиянын Түштүк-Сахалин шаарында ачылды. Учурда бир эле участок ачыла элек, ал АКШнын Вашингтон шаарында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM