Биз менен байланышыңыз

Москвадагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү жүрүп жатат

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 435 | 0
Сүрөт: Зулпидин Нурматов

Орусиянын Москва шаарындагы №9017 шайлоо участогунда кыргызстандык шайлоочулар добуш берүүгө келип жатат. Процессти кыргызстандык тургун Зулпидин Нурматов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу чагылдырууда.

Москва шаарындагы кыргызстандыктар добуш берүү үчүн буга чейин Консулдукка каттоого турушу керек болчу.

Биометрикалык маалыматтарын берген жана чет өлкөдѳгү мекемелеринде консулдук эсепте турган жарандар тийиштүү участкалардагы шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө киргизилет. Москвада 5 шайлоо участогу ачылган.

Добуш берүү үчүн милдеттүү түрдө паспорт (ID-карт) же жалпы жарандык паспорт, кызматтык же дипломатиялык паспорт болушу зарыл.

Шайлоо тилкелеринде ыктыярчылар добуш берүүгө келген жарандарга билбеген суроолорун түшүндүрүп беришүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM