Биз менен байланышыңыз

Шайлоону чагылдыруу үчүн 300дөн ашуун ЖМК өкүлү катталган

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 398 | 0

Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана референдумду чагылдыруу үчүн он бир өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын 92 өкүлү келген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинде, Орусиядан — 33, Япониядан — 5, Улуу Британиядан — 14, АКШдан — 1, Франциядан — 5, Катардан — 4, Германиядан — 19, Украинадан — 1, Тажикстандан — 2, Беларусиядан — 4, Азербайжандан — 4 ЖМК өкүлү катталган.

Ошондой эле шайлоону чагылдырууга Кыргызстандын 217 ЖМК өкүлү, ал эми референдумду чагылдырууга 51 ЖМК өкүлү аккредитациядан өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM