Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Шайлоо таза өтпөй жатат

Шайлоо таза өтпөй жатат. Бул тууралуу президенттикке талапкер Адахан Мадумаров бүгүн, 10-январда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берип жатып билдирди.

«Көчмө добуш берүүлөрдү көрүп жатасыңар го. Мындай жапайычылыкты эгемендүүлүк алган 30 жылдын ичинде көргөн эмеспиз. Кандай башаламандыктар болуп жатканын сиздер деле социалдык тармактар аркылуу көрүп жатасыздар. Анын баарына баа бере турган коомчулук бар», — деди Мадумаров.

Анын айтымында, үгүт убагында да одоно каталар орун алды. Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн бардык арыздарды карап чыгышы керек.

Мадумаров БШКга бир топ мыйзам бузууларды документтештирип бергенин кошумчалады.

Эске салсак, Мадумаров Бишкектеги №1211 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Мадумаров шайлоодон өтпөй калса, жаңы бийлик менен кандай шартта кызматташа турганын айтты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM