Нарын шаарында 21 шайлоо участкасы ачылып, президенттик шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Шаар мэри Нурбек Молдокадыров №4065 шайлоо участкасынан добуш берди.
Анын маалыматына караганда, Нарын калаасында 30 миңден ашык шайлоочунун тизмеси такталып илинген, тийиштүү даярдыктар жүрүп, шайлоо комиссиялары жылуу имараттарга жайгаштырылган. Ар бир тилкеге экиден автоматтык эсептөөчү урналар коюлган.