Connect with us

Шайлоодо мыйзам бузуулар болсо кабарлаңыз. Номерлер

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 469 | 0

Президенттик шайлоодо жана референдумунда мыйзам бузуулар болсо телефон аркылуу өкмөткө кабарлоого болот. Бул тууралуу вице-премьер, шайлоо боюнча штабдын төрагасы Максат Мамытканов кабарлады.

Өкмөттө иштеп жаткан Call-борбордогу номерлер:

  • 66-28-58;
  • 66-28-51;
  • 96-14-54;
  • 96-03-114.

Максат Мамытканов шайлоочуларды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. Анын айтымында, өлкө боюнча жарандардын добуш берүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. «Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоого жана референдумга активдүү катышып бергиле. Муну менен сиз өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабай, жаңы багытын тандап алганга көмөкчү болосуз», — деп кошумчалады Мамытканов.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ошондой эле мамлекеттин башкаруу формасын тандоо үчүн референдум да чогуу өтүүдө. Өлкө боюнча 2400дөн ашуун шайлоо участогу иш алып барып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM