Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы шайлоо чет элдик басылмалардын назарында

Блог , Дүйнө , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 1555 | 0

Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана референдумду чагылдыруу үчүн он бир өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынан 92 өкүл келген.

Анын ичинде Орусиядан — 33, Япониядан — 5, Улуу Британиядан — 14, АКШдан — 1, Франциядан — 5, Катардан — 4, Германиядан — 19, Украинадан — 1, Тажикстандан — 2, Беларусиядан — 4, Азербайжандан — 4 ЖМК өкүлү катталган.

Биз эл аралык маалымат каражаттарынын Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана референдумду кантип чагылдырып жатканына, эмнелерди жазып жатышканына байкоо салдык.

Негизинен бардык эле ЖМКлар шайлоо тынч өтүп жатканын, башаламандыктан улам өлкө башчысы отставкага кетүүгө мажбур болгон соң, мөөнөтсүз шайлоону өткөрүүнүн зарылчылыгы келип чыкканын жазышууда.

Төмөндө алардын айрымдарына токтолсок:

Япониянын «excite» порталы да Кыргызстандагы шайлоо тууралуу макаласында Садыр Жапаровго басым жасаган. Басылма: «Шайлоочулардын көпчүлүгү Жапаровду тандоосу күтүлөт», — деген пикирде.

Ал эми Германиянын «Deuche Welle» басылмасы Кыргызстанда президенттик шайлоо менен кошо өтүп жаткан референдум темасына токтолгон. Басылма «өлкөдөгү башкаруу системасы президенттик болуп өзгөрсө, диктатордук башкаруу келип калуусу мүмкүн» деген чочулоосун да кыстарып өткөн. Ошондой эле жергиликтүү активисттердин мыйзамсыздык менен күрөшүү аракеттерин да жазган.

Орусиянын «РИА Новости» агенттиги Кыргызстандагы шайлоо боюнча көбүрөөк чагылдыргандардан болуп саналат. Агенттик шайлоонун жүрүшү, талапкерлер тууралуу кенен жазып жатты. Ошондой эле «Кыргызстандагы шайлоодогу жарышта фаворит болгон талапкердин Орусия менен мамилеси кандай?» деген темада Жапаровдун алдыдагы Орусия менен болгон алакасы тууралуу жазды.

«РБК» каналы Кыргызстандагы шайлоону чагылдыруу учурунда мыйзам бузуулар да катталып жатканын кошумчалай кетти.

Орусиялык дин аалымы, Москвадагы мемориалдык мечиттин имамы Шамиль Аляутдинов да шайлоо тууралуу пикирин билдирген. Ал Кыргызстанды жана кыргызстандыктарды сыйлай турганын айткан. Ошондой эле Аляутдинов кыргызстандыктарды артка тартып турган бир нерсе бар экенин кошумчалаган:

«Бул шайлоодо активдүү болушуңуздар керек. Кыргызстанды алдыга сүйрөй турган, өнүктүрө турган башчыны шайлашыңыздар керек. «Менин добушум эмнени чечмек эле?» — деген көңүл кош мамиле жасабаңыздар. Ар бир жарандын добушу — маанилүү. Сиздердин добушуңуздар өлкөнүн келечеги үчүн таштаган кадамыңыздар, өлкөнүн глобалдуу өзгөрүүсү үчүн башталган жол болуп саналат.

Аляутдинов жалпы кыргызстандык шайлоочуларды улутуна, жашаган жерине карабастан шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Өзбекстандын «Кун.уз» сайты шайлоо биринчи баскыч менен эле бүтүшү мүмкүн деп эсептейт.

«Президенттик кызматка 17 талапкер бар, анын ичинде Жээнбеков отставкага кеткен соң, башкарууну өз колуна алган Садыр Жапаров да катышууда. Эксперттердин айтымында, Жапаровдун жеңип чыгуу ыктымалдуулугу көп болгондуктан, шайлоо 1-баскычта эле бүтүшү мүмкүн», — деп жазат.

Ал эми шайлоого катышып жаткан талапкерлердин көпчүлүгү президенттик шайлоонун II туру болорун күтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM